Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

ММКнын укуктук базасын жакшыртууга арналган жыйын


Бишкекте эртең өткөрүлгөнү жаткан тегерек үстөл жыйынында массалык маалымат каражаттарынын 2005-2009-жылдар аралыгындагы өнүгүү тенденциясы жана алардын ишмердигинин укуктук базасын жакшыртуу маселелери талкууланат. Талкууга парламенттин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, талдоочулар жана юристтер катышат. Аталган иш чара Жогорку Кеңеш, “Интернет саясат боюнча жарандык демилге ” коомдук фонду, “Медиа өкүлчүлүк институту” коомдук фонду, Маданият жана маалымат министрлиги, “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосундагы маалыматтык укук борбору тарабынан уюштурулуп жатат. Талкуу “Парк-Отель” мейманканасында өткөрүлөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG