Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

“Жапонияда билим алуу - 2010” жармаңкеси өтөт


24-октябрда Бишкекте боло турган жармаңкеде чет жактан билим алуу программалары жана Жапониянын айрым жогорку окуу жайларында билим алуунун шарттары туурасында жергиликтүү жаштарга маалымат берилет. Кыргызстандагы жапон элчилигинин өкүлдөрү гранттык негизде билим алуу программалары жөнүндө айтып беришет. Ошондой бул өлкөдөн окуп келген кыргыз жаштары дагы өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Жапониянын көпчүлүк университеттери жапон тилинде гана эмес, англис тилинде да билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунушташат. Иш чара Кыргызстандын билим берүү министрлиги, Жапониянын элчилиги жана JICA эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги тарабынан уюштурулууда. Жарманке кыргыз-жапон өнүктүрүү борборунда өтөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG