Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Айрым министрликтердин иши азайды


Эң чоң министрликтердин бири деп эсептелип келген мурдагы айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинен суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармактары алынды. Суу тармагы жаңы түзүлгөн Жаратылыш ресурстары министрлигинин курамына киргизилди. Ал эми суу чарбасын кайрадан түзүлгөн мамлекеттик “Ирригация” ишканасы жүргүзүп, чарбалар аралык обьекттердин курулуштарын мойнуна алат. Кайра иштетүүчү өнөр жай тармагы экономикалык жөндөө министрлигине берилди. Ошондой эле айыл чарба министрлигинин курамынан алкоинспекция да чыгарылды. Алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттик жок болду. Мындан тышкары бул министрликтин алдындагы айыл чарба техникаларын колдонууну мамлекеттик жөнгө салуу, мамлекеттик техникалык көзөмөл структурасы жоюлуп, анын функциялары ИИМдин тиешелүү органдарына берилди. Министрликтин алдындагы жайыт, жер иштетүү, ирригация, мал чарбасы жана ветеринария боюнча илим изилдөөчү институттар КР айыл чарба академиясына өткөрүлүп берилет. Муну менен аталган академияда күчтүү илим изилдөөчү институт түзүлөт. Бул тууралуу президент К. Бакиев мамлекеттик башкарууну жаңылоо тууралуу бүгүн республикалык жыйында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG