Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

А. Акаев: Ооган күрөшүндө АКШ уттурду


“Америка өкмөтү Ооганстандагы аскерин канчалык көбөйтпөсүн, бул жеңишке алып келбейт, Ооган күрөшүндө алар уттурду” деген пикирин Кыргызстандын мурдагы президенти “Московский комсомолец” басылмасындагы маегинде билдирген. Ал АКШ Ооганстандагы кырдаалды жөнгө сала албай туруп, Иракта да согуш ачышы – алардын жаңылыштыгы болгон, деп эсептейт. Анын пикиринде, Америка 2012-жылы боло турган президенттик шайлоого чейин аймакта кармалып турушу ыктымал, бирок андан кийин Ооганстан өзү менен өзү калышы мүмкүн. Мындай учурда Борбордук Азияда да абал оорлойт, анткени Борбор Азияны дүйнөлүк ислам халифатынын бир бөлүгү кылууну көздөгөн аракеттер кайталанышы толук ыктымал деп божомолдойт. Экс-президент аймактын ичиндеги радикалдуу исламдын маанисин унутпоо керек деп эсептейт. А. Акаев мындайга жол бербөө үчүн ЖККУну мындан ары бекемдөө зарыл деп белгилеп, бул уюмду түзүүнүн башында убагында өзү турганына сыймыктанат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG