Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

А. Бекназаров: Башкаруунун басымдуу бөлүгү президентке өттү


Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо тууралуу президент айтып чыкканда эле биз мунун аягында эч нерсе жоктугу түшүнүктүү болчу, дейт БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров. Ал бүгүнкү жарыяланган жаңылануунын жыйынтыгында бийликтин, башкаруунун басымдуу бөлүгүн өкмөттөн президентке өтөт деп эсептейт. “Мындан Бакиевдин жеке бийлиги күчөгөнү гана көрүнүп турат. Аталышын өзгөртүп койгондон эле эч кандай өзгөрүү болбосун мен эле эмес, калайык-калк жакшы билет. Ошондуктан, президент бүгүнкү сөзү менен мамлекеттик башкарууну жакшыртып жиберерине элди үмүттөндүрө турган эч нерсе айта алган жок,” дейт оппозиционер.

КР президенти К. Бакиев бүгүн өкмөт үйүндө республикалык жыйында мамлекеттик башкарууну жаңылоо боюнча планын жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG