Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Петровка сотунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суралды


Бүгүн Петровкадагы соттун жүрүшүндө адвокаттар бир катар жетекчи кызматтагылардын көрсөтмө берүүсүнө байланыштуу өтүнүч кылышты. Алардын ичинде М. Конгантиев, К. Кадинов, Д. Үсөнов, Б. Кумаров жана К. Сыйданов бар. Бирок соттун судьясы өтүнүчтү ачык боюнча калтырып койду. Буга карата коомдук жактоочулар нааразылык кылышууда. Алардын бири К. Сарымсаков “сот негизги делген өтүнүчтөрдү четке кагып же ачык боюнча калтырып жатканы, соттун адилетсиз каралып жатканынан кабар берет”,- деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Соттук териштирүүгө бүгүн мурдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти. Ал эми Петровка окуясына байланыштуу 322 күбө 22- октябрдан баштап көрсөтмө бере баштайт. Адвокат А. Аргынбаеванын айтымына караганда, күбөлөргө дагы бир нече адам кошумчаланышы мүмкүн. (JJ)

XS
SM
MD
LG