Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Ирандын өзөктүк программасы боюнча талкуу уланат


Талкуу бүгүн Венада улантылат. Ирандын Тышкы иштер министри Манучер Моттаки расмий Тегеран уран байытуу боюнча мыйзамдуу укугунан эч баш тартпай турганын айтты. Сүйлөшүүлөргө Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катышып жатышкан. Бирок расмий Тегеран буга чейин Франция келишимдерин так аткарган эмес деп, талкууга анын өкүлдөрү катышпасын деп чыккандан кийин, шейшембиде ал үзгүлтүккө учурады. МАГАТЭнин башчысы сүйлөшүүлөр буга чейин күтүлгөндөн жайыраак жүрүп жатканын, бирок баары бир ийгилик бар экенин айтты.

XS
SM
MD
LG