“Ак жол” фракциясынын жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан Данияр Үсөнов өлкө бюджети дагы өсөөрүн,пенсиялар убагында төлөнөөрүн билдирди. Социалдык фонддун каражатын Салык кызматы жыйноосуна байланыштуу маселеге токтолгон Данияр Үсөнов, өлкөдө 1 млн 274 киши салык төлөөрүн, ал эми Социалдык фонддо болсо 850 миң киши гана эсепте турганын, салыкчылар жыйымды 103% камсыз кылса, социалдык фонд болгону 73% жыйнаарын белгилеп, бул кемчиликти четтетүү максатында социалдык фонддун каражатын жыйноо салыкчыларга бериле турганын белгиледи.(AiT)