Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Беларуста жаңылыктар улуттук тилде бериле баштады


Беларустун мамлекеттик телеканалдарынын жаңылыктарды орус тилинин ордуна беларус тилинде бере баштоосу президент Александр Лукашенконун күтүлбөгөн кадамы катары каралууда. Анткени Лукашенко өткөн аптада эле өзүнүн эне тили катары беларус менен орус тилин да атаган болчу. Байкоочулар бул жаңылыкты түрдүүчө баалап жатышат. Москвалык журналист Вадим Дубновдун “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун беларус кызматына айтканына караганда, беларус тилин пропагандалоого багытталган кадамы менен президент Лукашенко ансыз деле алсырай түшкөн оппозицияны акыркы саясий көзүрүнөн ажыратууда. Ал эми минскилик талдоочу Хлеб Лабадзенка Лукашенконун чечими тез глобалдашып бара жаткан дүйнөдө беларустун улуттук өзгөчөлүгүн сактоонун маанилүүлүгү боюнча тынчыздануусун чагылдырган аракет болуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG