Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

И.Исаковго байланыштуу сот жума күнү уланат


19-21-октябрда Бишкек гарнизондук сотунда Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы И.Исаковго каршы козголгон кылмыш иштер каралып, соттук териштирүүнү 23-октябрда улантуу чечими кабыл алынды. 21-октябрдагы сотто коргоо министринин мурунку биринчи орун басары Б.Югай жана башка күбөлөр көрсөтмө берди. Бул тууралуу адвокат Азимбек Бекназаров билдирди. Адвокат келерки соттук териштирүүгө президент К.Бакиевди күбө чакыруу талабын койгон. Бирок судья Серик Абиев Куралуу күчтөрдүн башкы жетекчисин чакыра албасын, ал үчүн жетекчилик менен кеңешүүсү керектигин билдирген. Буга жооп кылган адвокат соттун чечими да анда жогору жак менен кеңешүү менен чыгабы деген пикирди айтып, сот бийлигинин көз карандысыз экендигин эске салган.(AiT)

XS
SM
MD
LG