Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

"Жаштар жана демократия" долбоору жыйынтыкталды


Бүгүн Бишкек шаарында “Интер билим” уюмунун “Жаштар жана демократия” долбоорунун жыйынтыктоочу жыйыны болду. Жыйында жаштар өздөрү актуалдуу деп тандап алган маселелер талкууга алынды. Долбоордун менеджери Асель Куттубекованын айтымында, жаштар тренинг, семинар менен гана чектелбестен, жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы жөө жүрүш жасашкан. “Биринчиден, жаштардын адам укуктары боюнча деңгээлин көтөрө алдык. Алар жергиликтүү коомчулукка да таасирин тийгизди. Жаштар өздөрүнө көбүрөөк ишене баштады”, - дейт А.Куттубекова. "Жаштар жана демократия" долбоору жаштарды демократиялык процесстерге тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2007-жылы түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG