Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Сахаров сыйлыгын Орусиянын "Мемориал" уюму алды

Бул кадырлуу сыйлыкты Европа парламенти "Мемориалдын" жана Орусиядагы калган башка бардык укук коргоочулардын атынан Олег Орловго, Сергей Ковалевго, Людмила Алексеевага тапшырды. 

- Президенттердин жыйынында чоң талкуу болгон жок, анткени орусиялык "Мемориал" боюнча толук консенсус бар болчу, - деди Парламенттин президенти Йерзи Бузек парламент лидерлери менен жолуккандан кийин.

Өз оюн билдирүү эркиндигин даңазалаган бул сыйлык советтик окумуштуу жана диссидент Андрей Сахаровдун атынан аталып, 1988-жылдан бери берилип келатат. Аны менен кошо тапшырылуучу 50 миң евро акчалай сыйлык 16-декабрда Страссбургда ыйгарылат.

Буга чейин бул сыйлыкка Нелсон Мандела, Ауң Сан Су Чи, Кофи Аннандар татыктуу болгон. Сахаров "Мемориал" укук коргоо уюмунун биринчи жетекчиси болгон.
XS
SM
MD
LG