Москвадагы сүйлөшүүдөн кийин орус президенти Дмитрий Медведев «ортобузда чечилбеген көйгөй жок» деди жана газ тармагындагы кызматташттыкты тереңдетүүгө чакырды. Анын тажик кесиптеши Эмомали Рахмон эки тарапта тең бардык маанилүү багыттарда кызматташттыкты жакшыртуу үчүн чоң пландар бар экендигин бышыктады. Кремлдеги жолугушууга улай, Орусиянын Коргонуу Министри Анатолий Сердюков Москва Тажикстанга ири көлөмдө курал-жарак жөнөтүп жаткандыгын бышыктады. Ал эми энергетика минитри Сергей Шматконун сөзү боюнча, Тажикстандагы Сангтуда ГЭСин куруудан калган Орусияга карыз маселеси толугу менен чечилди.