Ошентип, “мамлекеттик жашыруун маалыматты жазып чыкканы үчүн” айыпталып, быйыл январда үч жылга түрмөгө кесилген Рамазан Эсергепов ("Алма-Ата Инфо" гезитинин редактору) түрмөдө кала турган болду. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) казак сотунун чечимин сындаган билдирүүсүн быйыл августта тараткан. Казакстан бул уюмду келерки жылы жетектейт деп күтүлүүдө.