Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

И. Исаковдун адвокаттары сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү


А. Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча адвокаттар Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы Серик Абиев көз карандысыз эмес деген жүйөө менен ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышат. Буга сот С. Абиевдин адвокаттардын 21-октябрь күнкү соттук териштирүүдө күбө катары Башкы командачы К. Бакиевди, азыркы коргоо министри Б. Калыевди, Башкы прокурорду чакыруу өтүнүчүнө “төрага менен кеңешкен соң гана чакыра алам” деп берген жообу негиз болууда. Бүгүнкү сот жараянында сот жогорку даражалуу күбөлөрдү сотко келип, көрсөтмө берүүгө чакырууга негиз жок деген чечимин билдирди. Ал эми сотто көрсөтмө берген күбөлөр айыпталуучу И. Исаковго коюлуп жаткан күнөөлөрдү жокко чыгарышты.

Мурдагы коргоо министри И. Исаковдун соту 27-октябрда уланат. И. Исаков коргоо министри болуп турган учурда кызматынан пайдаланган, мамлекетке зыян келтирилген деп айыпталууда. Кылмыш иши ал президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматынан өз каалоосу менен кеткенден кийин козголгону белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG