Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Украинада премьер-министр президенттик ат салышка кошулду


Юлия Тимошенко мыйзамдардын акыйкаттыгын күч алдырып, коррупциянын тамырын кыркууга, Орусия менен тең укуктуу, өз ара сыйлашууга негизделген мамиле түзүүгө сөз берди. 17-январга белгиленген добуш берүүдө мурдагы өкмөт башчысы, орусиячыл Виктор Янукович менен катар Юлия Тимошенкого көп колдоо болот деп болжолдонууда. Киевде өз талапкердиги көрсөтүлгөн кечээ кечиндеги жыйында Тимошенко Украина катардагы Европа өлкөсү болуп калууга тийиш экендигин белгиледи. Мунун алдыңкы күнү Янукович Орусия менен толук кандуу кызматташтыкты калыбына келтирүүгө, АКШ, Европа Биримдиги менен да алаканы өнүктүрүүгө сөз берген.

XS
SM
MD
LG