Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

БУУ инспекторлору Ирандын уран байытуучу жайына келишти


Бириккен Улуттардын атомдук көзөмөл агенттиги болгон МАГАТЭнин төрт кишиден турган көзөмөлдөөчүлөр тобу Тегерандан түштүктөгү Ком шаарынын жакындагы тоонун ичинде курулуп жаткан ишкананы текшеришет. Комдогу уран байытуучу жай тууралуу өткөн айда гана белгилүү болгон. Бул «Тегеран атомдук бомба жасап жатат» деген Батыш өлкөлөрүнүн шектенүүсүн дагы күч алдырды. Иран ушул жума күнү өзүнүн аз байытылган уранын Орусияда отунга кайра иштетүүнү караган сунушка жооп берүүнү келерки аптага калтырган.

XS
SM
MD
LG