Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

ОшМУнун ректору студенттерге убада берди


Ош мамлекеттик университеттин ректору Муктар Орозбеков бир айдын аралыгында окууга контрактын баасын мурдагы калыбына келтирүүгө убада берди. Ал ошондой эле бүгүндөн баштап жатканага төлөмдөр төмөндөтүлөөрүн, шарттары жакшырытыларын айтып, стденттерди тарап кетүүгө чакырды. Бирок митингке чыккан студенттер дагы эле тарабай турушат. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы билдирди. Бүгүн эртең менен ОшМУнун жанында окуу жайдын миңге чукул студенти нааразылык акциясына чыгышып контракт төлөмдөрүн арзандатуу, жатаканалардын шарттарын жакшыртуу талабын коюшкан. Мурда студенттер бир жылга контракты 6 миң сомдон төлөсө, быйыл 10 миң сомго көтөрүлгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG