Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Кызматтан кол жуугандар кимдер?


Президенттин Жарлыгы менен Мелис Жунушалиев Президенттин Катчылыгынын аналитикалык кызматынын жетекчиси кызматынан, Асылбек Айдаралиев Тоолуу райондорду өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайы өкүлү кызматынан бошотулду. Президенттин буйругу менен Патидин Атаханов Улуттук стандарт жана метрология институтунун директорлук кызматынан, Адамжан Жолдошев Өкмөттүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматынан, Нина Валиева Маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу кызматынан, Пайзуллабек Рахманов Мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. (AzK)

XS
SM
MD
LG