Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Француз жана испан аскерлери Кыргызстандан чыгып кетти


Бул маалыматты жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары жазып чыкты. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы Эрик Арсалиев француз жана испан аскерлеринин “Манас” аба майданынан чыгып кетүүсү боюнча маалыматы жок экенин билдирип, алар менен келишимди улантуу боюнча сүйлөшүү жүрүп келгени тууралуу гана кабары бар экенин белгиледи. Мамлекеттик тышкы иштер министрлик бул маалыматты төгүндөй да, ырастай да элек.(AiT)

XS
SM
MD
LG