Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Обама Ооганстанга кошумча аскер жиберүүгө шашылбайт


АКШ президенти Барак Обама Ооганстанга кошумча аскер жиберүү чечими жакшылап таразалангандан кийин гана кабыл алынат деп билдирди. Жоокерлердин өмүрү жок жерден тобокелге салынбайт, - деп ишендирди президент Деңиз күчтөрүнүн Флоридадагы базасында сүйлөгөн сөзүндө. Ушу тапта Обама коопсуздук боюнча кеңешчилери жана армия жетекчилиги менен АКШнын Ооган урушундагы стратегиясын талкуулап жатат. Жакында Ооганстандагы аскерлердин кол башчысы генерал Стэнли Мак Кристал дагы 40 миңдей аскер жиберүүнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG