Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Сотто И.Исаковдун күбөлөрү оң көрсөтмө берди


Бүгүн Бишкек гарнизондук аскер сотунда генерал И.Исаковго байланыштуу сот иши улантылып күбө катары Коргоо министринин мурдагы орун басары, Чек ара кызматынын жаңы башчысы Аскар Жапаров суралып, ал 2008-жылдын июль айында Балыкчыдагы аскер бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөндө аскерий техникаларды уурдоо болбогону аныкталганын билдирди. Анын айтымында, ал техникаларга байланыштуу иш 2008-жылдын ноябрында И.Исаков кызматтан кеткенден кийин анык болгон.
Ал эми күбө катары суралган Каржы министринин орун басары Саидбек Зулпуев министрликтердеги атайын максаттагы акчаларга министр өз буйругу менен ички иштерине пайдаланганга мыйзам жол берерин айтты. Соттук териштирүү 29-октябрда улантыла турган болду.
Мурдагы коргоо министри И. Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, 8-Мартка карата министрликтеги аялдарды куттуктоого, Жаңы жылды майрамдоого акча каражатын бөлдүргөнү жана Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө техникалардын уурдалгандыгы боюнча айып тагылып, сотко ашырылган. Исмаил Исаков жана бириккен оппозиция муну бийлик тарабынан жасалып жаткан саясий куугунтук деп баалап келишет. (AJ)

XS
SM
MD
LG