Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Ош шаарынын жашоочулары таза суусуз калды


Шаар тургундары «Азаттыкка» билдиришинче, 27-октябрдын алгачкы мүнөттөрүнөн баштап шаардыктарга таза суу берүү токтоду. Ошондуктан элдин көпчүлүгү арыктардан жана каналдардан суу ташып кыйналууда. Алар мындай жагдайда жугуштуу оорулар жайылып кетиши ыктымал деп да чочулашууда.

«Ошсуучарба» ишканасынын башкы инженери Ормош Осмоновдун айтымында, массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка кулактандырылып, кышка карата пландаштырылган ремонт жүрүп жаткандыгына байланыштуу ичүүчү суу эки күнгө токтотулду. Ал эми бала-бакчаларга, ооруканаларга жана түрмөлөргө сууну «Ошсуучарба» бекер жеткирүүдө.

Деген менен оштуктардын айрымдары Ормош Осмоновдун маалыматын төгүндөп, шаардыктардын көбү суунун өчүрүлүшү боюнча кабардар эместигин айтышууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG