Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Тоңдо “Салбурун” фестиваль өткөрөт


“Ай көл” кооперативинин 80 жылдыгына арналган фестивалга алгыр куш аңчылыгын сүйүүчүлөр менен ат оюндарынын катышуучулары эртең Тоң районунун Бөкөнбаев айылына келишип каттоодон өтүшөт. 29-октябрда бүркүт, шумкар, ителгилердин конкурсу жана көргөзмөсү, кыргыз тайгандарынын жарышы, тайган агытуу уюштурулат. 30-октябрда улуттук ат оюндары кунан чабыш, кунан жорго, бышты жорго, чоң жорго, аламан байге өткөрүлөт. Ошондой эле алгыр куштардын мелдеши, дөбөт алыштыруу уюштурулуп, жаа атуудан мыктылар тандалат. Жеңүүчүлөргө атайын байгелер ыйгарылып, жума күнү фестиваль соңуна чыгат. Бул тууралуу “Салбурун” федерациясынын жетекчиси Алмаз Акун “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG