Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

В. Пономарев: Борбор Азияда диний эркиндиктин абалы начарлоодо


АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалына арналган жылдык баяндамасын кечээ кечинде жарыялады. Соңку жылдары Вашингтон Борбор Азия өкмөттөрүнүн дин боюнча саясатын сынга алып келет.

Жылдык баян жарыяланаар алдында кабарчыбыз Венера Сагындык кызы Өткөн жылы Борбор Азияда диний ишеним эркиндиктери жаатында жагдай кандай өнүктү? – деген суроону Москвадагы “Мемориал” укук коргоо борборунун регионалдык эксперти Виталий Пономаревго узатты.

В. Пономарев:
- Өзбекстан, Түркмөнстан башынан эле диний эркиндиктерге жол бербеген өлкөлөр тизмесинде келатат. Кыргызстан, Казакстанда андай чектөөлөр кийин жакында киргизиле баштады. Мамлекеттик департаменттин былтыркы баяндамасында Казакстанда диний көз карашы үчүн соттолгондор жок деп жазылганына макул эместигимди алардын өкүлдөрүнө жолукканда айттым. Казакстанда диний ишмердиги үчүн камалып бир нече жылдан бери түрмөдө отургандардын ысымдары бар бизде. Кыргызстанда Ноокатта 32 киши соттолуп, аял-эркегине карабай узак жылдарга түрмөгө кесилгенден бери жакында бир үй-бүлө чет өлкөдөн башпаанек сурап кайрылды. Дагы далайы ар кайсы жерде жашынып, чет өлкөгө кетүүнүн жолдорун издеп атышат.

Кыргызстандан мурда диний көз карашы үчүн куугунтукка кабылып башпаанек сурагандар болчу эмес, жакында пайда болду андайлар. Казакстандан “Таза дин” коомунун өкүлдөрү Чехияда башпаанек сурап, жооп алалбай кыйналып жүрүшөт. Ошондуктан Борбор Азияда диний эркиндиктер жаатындагы кырдаал начарлап кетти, бирок чөлкөмдөн чынчыл маалымат алуу да кыйын, анткени ал жакта жашагандар ачык сүйлөгөндөн коркуп калышты. Мен болсо ноокаттыктардын ишин иликтеп, маалымат таратам деп минтип, Кыргызстанга барууга тыюу салынып, кара тизмеге кирип калдым.

"Азаттык": - Жергиликтүү жашоочулар, же эксперттер ачык айткандан коркушат дедиңиз, алар эмнеден коркушат?

В. Пономарев: - Алсак, ар түрдүү мусулман уюмдары, агымдары ишмердигин жүргүзүп жаткан Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал өтө татаал, ал жактагы окуялар тууралуу жазып жүргөн журналист Алишер Саиповду, элге таанымал Кара-Суунун имамы Рафик-Кары Камаловду атып өлтүрүп кетишти. Аларды өлтүргөндөр табылган жок. Ушундай окуялардан улам ал жакта жашап-иштеген, кырдаалды жакшы билген адамдар маалымат бергенден чочулап калышты. Ноокаттагы баш-аламандык үчүн соттолгондорго олуттуу кинелер тагылып, абакта алар уруп-сабалганын, боюнда бар келин абактагы кыйноодон улам боюнан түшүп, баласын жоготконун убагында коомчулук билген да жок. Ноокаттыктардын сотунан кийин гана кээ бир укук коргоочулар Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал кыйын турбайбы деп көңүл бура баштады, ошолор дагы жакшылап иштейби деп үмүт кыла туралы.

"Азаттык": - Ошентип, Борбор Азиядагы алыскы региондордо диний кырдаал кандай өнүгүп жатканы тууралуу так маалымат алуу кыйын, эл аралык уюмдар анын аныгын биле алышпайт. Өкмөттөр болсо диний жагдайды колдон чыгарып жибербеш үчүн тартипти катуулатып, шектүү көрүнгөндөрдү соттоп, мыйзамдарды катуулатуунун үстүндө. Дин жаатындагы билимдин жетишсиздиги элдин башын айландырып, өкмөттү диний эркиндиктерди чектөөгө түртүп атат десек болобу?

В. Пономарев: - Эл аралык эксперттер менен сүйлөшкөндө бул жерде дагыле бир стереотиптер, калыптанып калган түшүнүктөр күчтүү экенин байкадым. Мисалы, Кыргызстан – демократиялык арал деген стереотип эми-эми гана жоголо баштады. Эгерде кайсы бир диний уюмдун мүчөсү катары соттолуп, боюнда бар аял түрмөдөгү кыйноодон баласын жоготкон окуя Ноокатта эмес, Өзбекстанда болсо, эмгиче далай эл аралык уюмдар шашылыш билдирүү жасап, өкмөттү бул ишти иликтөөгө үндөшмөк. Бирок бул окуя Кыргызстанда болгондуктан далайга чейин ишене бербей, эми гана кечиккен билдирүүлөрүн жасап жатышат. Диний эркиндиктерди чектеп, коомдо бир коркуу сезимин жайылтуу аракеттеринин артында Кыргызстанда Өзбекстандагыдай абал орнотууну каалаган саясий күчтөр турат деп ойлойм. Алардын бул аракети канчалык деңгээлде ишке ашаарын азыр айта албайм, бирок авторитардык өнүгүү жагына кыйла эле кадамдар жасалганы талашсыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG