Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Жалал–Абадда эркин жыйындар жөнүндө мыйзамдолбоору талкууланды


Аталган долбоорду Акыйкатчы алдындагы жумушчу топ иштеп чыккан . Анда белгиленгендей, быйыл адам укуктары сакталбай, тынч акцияга чыккандар, Ак үйгө өздөрүн чынжыр менен байлагандар да кармалып, акчалай айыпка жыгылышты. Айрым укук коргоочулар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болушту. Балыкчыдагы президенттик шайлоого нааразы болгондорго катуу күнөөлөр коюлду. Талкууга катышкандар аталган долбоордо тынч жыйынга катышкандар менен тартип сакчыларынын укук- милдеттери , ал тууралу билдирүү мөөнөттөрү так аныкталбай калганын белгилешти. Тынч митинг- жыйындарды өткөрүү жөнүндө мыйзамдолбоорун талкуулоону “Жарандар коррупцияга каршы” жана “ Кылым шамы” укук коргоо уюмдары алпарып, облустагы адам укугун коргоочу жана бейөкмөт, саясий уюмдардын өкүлдөрү катышты. (YA)

XS
SM
MD
LG