Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Кабулда талибдер БУУнун имаратына кол салышты


Кабулда БУУнун имаратына согушкерлердин кол салуусунун натыйжасында бери дегенде беш адам мерт болду. Көз жумгандардын үчөө БУУнун кызматкерлери. Ооганстандын коопсуздук күчтөрү атышуу болгон аймактагы көчөлөрдү курчоого алышты. Бул кол салууну уюштургандыгын “Талибан” кыймылы өзү билдирди. 7-ноябрда Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүүгө тийиш. Кызматтагы президент Хамид Карзай мурдагы тышкы иштер министри доктор Абдулла менен ат салышып жатат. АКШнын президенти Барак Обама жакын арада Ооганстанга кошумча аскер күчтөрүн киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган жатат.

XS
SM
MD
LG