Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:15

Калктын 11 пайызы өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккан


Кыргызстанда акыркы он жылда бөйрөгү ооругандардын саны кескин өскөн. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооругандардын саны миллион адамга 300 адам туура келет жана бул дартка чалдыккандардын көбү жаштар. “Жыл сайын 300 адам бөйрөгүн алмаштыруу операциясына муктаж. Бирок алардын баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок. Кыргызстанда бөйрөгүн алмаштырган 25-30 адам болсо, алар да көп кыйынчылыктарга тушугат. Анткени дары-дармектер абдан кымбат”, - деп билдирет министрликтин басма-сөз кызматы. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2008-жылы бөйрөк оорусунан 493 адам каза болсо, анын 13 жаш балдар. (КЕ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG