Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Кыргызстан гендердик теңчилик боюнча алдыңкы орунда


Аял-эркектердин тең укуктуулугу боюнча Кыргызстан Европанын айрым өлкөлөрүн артка калтырып, 134 өлкөнүн ичинен 41-орунга чыккан. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форумдун Глобалдык гендерди иликтөө индексинин отчетунда айтылат. Анда айтылгандай иликтөөнүн натыйжасы: экономикалык көрсөткүч, сабаттуулуктун деңгээли, саясий активдүүлүк жана медициналык камсыздандыруу жааты боюнча аныкталган.

Айрым укук коргоочулар Кыргызстанда гендердик теңчиликтин абалы мындай жогорку деңгээлде эмес деп эсептешет. Алардын айтуусунда парламентке аялдар аралашканы менен коомчулукта, үй-бүлөдө аялдарга мамиле өзгөргөн жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG