АКШнын Коргонуу катчысы Роберт Гейтс кечээ Пентагондо Кытайдын Боштондук армиясынын Борбордук аскердик комиссиясынын жетекчиси Шу Кайхоу менен жолукту. Талдоочулар бул деңгээлдеги жолугушууну Бейжин менен аскердик алаканын жакшырышынын белгиси деп мүнөздөшүүдө. АКШ Тайванга алты жарым миллиард доллардык курал саткандан кийин, Бейжин былтыр Вашингтон менен аскердик диалогду токтотуп койгон эле.