Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Кабул: БУУнун конок үйүнөн 12 кишинин сөөгү чыкты


Курмандыктардын алтоо Бириккен Улуттардын чет элдик кызматкерлери болгон. Куралчандардын кол салуусун талибдер 7-ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасын үзгүлтүккө учуратуу үчүн уюштурган деп билдирди.

БУУнун Ооганстандагы маалымат катчысы Алеем Сыдыки таңкы жардырууну мындайча сүрөттөдү:

- Куралчан үч киши, анын ичинде аз эле дегенде бир жанкечти Кабулдагы жеке менчик конок үйүнө кол салышты. Бул үйдө Бириккен улуттардын кызматкерлери жашашат. Куралчандар конок үйүнө кирип келгенде салгылаш башталган.

Уюм дагы тогуз кызматкери жарадар экендигин билдирүүдө. АКШнын элчилиги курмандыктардын бири өз жараны экендигин бышыктады. Ал эми ооган полициясынын маалыматына ылайык, кол салгандардын үчөө, эки ооган коопсуздук кызматкери жана бир карапайым адам да набыт болду. Мындан кийин баш калаада чет элдиктер ээлик кылган мейманканага ракета атылып, коноктор жер алдындагы бункерге жашырынууга мажбур болушту. БУУнун Ооганстандагы баш өкүлү Кай Ейде «бул окуялар уюмдун өлкөдөгү ишин үзгүлтүккө учурата албайт» деди.

XS
SM
MD
LG