Президенттин жардыгы менен Жумадыл Исаков Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча агенттиктин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул агенттиктин башчысы Мамасадык Бакиров Ош облусунун губернаторлугуна дайындалып кетти. Жумадыл Исаков болсо жыл башында Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган эле.(AiT)