Британ өкмөтү кинотасмаларды жана музыканы мыйзамсыз көчүргөн адамдар үчүн Интернет байланышын жабууну көздөөдө. Британиянын ишкердик министри Питер Менделсондун айтымында, провайдерлер андай кардарлардын интернет байланышын 2011-жылдын ортосуна чейин үзүп коюуга тийиш. Провайдерлердин бири өкмөттүн чечимине каршылыгын билдирип, сотко кайрылганы жатат.