Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Өнүктүрүү фонду “Жерүй алтынга” инвестор издейт


Өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай “Жерүйалтын” компаниясынын 100% акциясы фонддун ишеним башкармалыгына өттү. Маалыматка караганда компаниянын 60% акциясына ээлик кылган жеке инвестор октябрь айынын башында фондго кайрылып, 60% акцияны ишеним башкармалыгына алууну өтүнгөн. Айдын аягында акциянын калганына ээлик кылган “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы да өзү ээлик кылган үлүшүн Өнүктүрүү фондунун ишеним башкармалыгына тапшырган. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда фонддун ишеним башкармалыгы кенди иштетүүчү инвестор издөөнү мойнуна алат, бирок Өнүктүрүү фонду Жерүй алтын кенин өз алдынча иштетүүгө аракеттенбейт, ага фонддун каражаты да инвестиция катары салынбайт, деп ишендирет фонддун башкы жетекчиси Алексей Елисеев.

Өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы кабарлаганы боюнча Жерүй алтын кенин иштетүүгө кызыкдарлыгын үч-төрт компания билдиришкен. Алар: Centerra Gold inc, “Голдфилд”, “АЛРОСА” жана “Полюс Золото”.

“Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча 17 жылдын ичинде 8 компания алмаштырылган. Совет биримдиги кезинде “Жерүйдөгү” кенди казууга 70 млн. рубль сарпталып алтынды иштетүүгө даяр болуп калган. Англиянын “Оксус” компаниясы кенди иштетүүгө 55 млн. долларга келишим түзгөн. Кийинчерээк кенге Австриянын “Глобалд Голд” компаниясы ээлик кылган. Андан бери “ Жерүй алтын” компаниясынын 60% акциясына Consolidated Exploration Holdings Ltd. ишканасы ээлик кылып келгени тууралуу маалыматтар бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG