Борбор Азиядагы жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана тестирлөө системасынын өнүгүшү боюнча Бишкекте 5-6-ноябрь күндөрү жыйын өтөт. Анда аталган аймактын билим берүү жаатындагы адистери университеттерге кабыл алуу боюнча бири-бири менен тажрыйба алмашат. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылдан тарта жүргүзүлүп келет. Мектеп бүтүрүүчүлөрү ушул тесттен алган упайлардын негизинде мамлекеттик окуу жайларга тапшырышат. (EBM)