Кыргыз ишкерлер союзунун түштүк аймагы боюнча аткаруучу директору Шавкат Мухамаджановдун «Азаттыкка» маалымдашынча, түштүк баш калаасындагы бир катар бизнесмендерге тиешелүү соода, банк жана коомдук тамактануу жайлары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда ээлерине эскертүүсүз талкаланууда. Буга кабатырланган кесиптештеринин шаар мэри менен жолугушуу аракетинен майнап чыга элек. Алар айласы куруганда өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошууда. Ош шаарынын башкы архитектору Алмазбек Абдыкааров өз кезегинде курулуш мыйзамдарына шайкеш келбеген чоң-кичине имараттар буздурулуп жаткандыгын тастыктап, мындай аракет өлкөнүн экинчи борборун тартипке келтирүү максатында болуп жаткандыгын белгиледи. (ATo)