Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Оң рулдуу автоунаа депутаттар талкуусунда


ЖК отурумунда «Автомобилдик транспорт жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып, оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыйуу салуу талаш-тартышты жаратты.

«Автомобилдик транспорт жөнүндө» мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан “Ак жол” фракциясынан депутат Ажыбай Калмаматов, өлкө аймагында 480 миң автунаа болсо ошонун беш миңге чукулу оң рулдуу
автоунаалардын эки жарым миңи жүргүнчүлөрдү ташып, атуулдардын жолдо жүрүү коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.

- Бул жерде оң рулдуу автоунааларды ташылып келинбесин же Кыргызстанда жүргүзүлбөсүн деген тыйуу жок. Болгону оң рулдуу автоунаалар жүргүнчүлөрдү ташууга колдонулбасын деген сунуш киргизилип жатат. Себеби дегенде, жүргүнчүлөрдү ташуучу такси эки жарым миң болсо, калган 5 млн. 300 миң Кыргызстандын атуулдары бүт жүргүнчү. Ошолордун коопсуздугун ойлоп туруп, такси түрүндө колдонулбасын дегенди биз сунуш кылып жатабыз.

Ажыбай Калмаматов белгилегендей, аталган мыйзам долбоору автоунаа каражаттарынын колдонулушун, жол эрежелерин ыраатташтыруу жана автокырсыктардын алдын алуу максатында иштелип чыккан.

Анын мындай демилгесин колдогон “акжолчу” депутат Алтынбек Сулайманов оң рулдуу автоуунааларды Кыргызстанга ташып кирүүнү токтотууну, жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын категориясын эле карабай, алардын иш жылдарын да эске алууну сунуш кылды.

- Оң рулдуу автоунааларды токтотпосок азыр алардын саны 30 пайызга чыгыптыр. Кийин алар 50 пайыз болот. Кошумча проблемаларды жаратат. Ал үчүн жолдо жүрүү эрежелерин дагы кайра карап чыгуу керек болот

Депутат Алишер Мамасалиев болсо бир катар так эместиктер болгондугуна байланыштуу мыйзам долбоорун үч окууда кароону сунуштап, жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларга таксометр орнотуу, бекеттерде балдар жана майыптар үчүн бөлмө ачуу зарылдыгын айтты.

Ал эми депутат Зайнидин Курманов оң рулдуу автоунааларга, же жүргүнчүлөрдү ташууга тыйуу салуу адам укуктарын чектөө болуп эсептелерин, айдоочуларды иш менен камсыз кылбай туруп, алардын үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан каражатынан ажыратуу мүмкүн эместигин белгиледи.

Ал ошондой эле аталган мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитеттин кароосуна жөнөтүүнү өтүндү.

Анын мындай сунушуна каршы болгон “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов бул мыйзам долбоору өнөр жай, туризм, транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура комитетинде каралып чыгып жактырылганын, экинчи окуудан кабыл алып, үчүнчү окууга жөнөтүүнү өтүндү.

Ал коңшу Тажикстан, Казакстан, Өзбекстанда оң рулдуу автунааларга тыйуу салынганын, алардын эски автунаалары Кыргызстандын аймагына өткөрүлүп, жолдоо жүрүү коопсуздугун жаратып жатканын белгиледи.

Өткөн жылы апрелде Жогорку Кеңеш Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына автобизнес ишкерлери нааразылык билдиришип, “депутат Улукбек Ормоновдун автобизнеси бар, ошондуктан анын кызыкчылыгы менен мыйзам иштелип чыккан” деген пикирлер айтылган.

Улукбек Ормонов болсо мындай пикирлерди четке кагып, бүгүнкү отурумда дагы бул мыйзамды киргизүүгө жеке кызыкчылыгы жок экендигин, “эч кандай килем алдындагы оюн” ойнолбогондугун кесе айтты.

Демилгечи Ажыбай Калмаматов мыйзам долбоорун иштеп чыгууга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Юстиция, Каржы, Ички иштер министрлигинин, Салык кызматынын өкүлдөрү кирген өкмөттүн комиссиясы да катышып, өзүнүн корутундусун бергенин белгиледи.

СДП фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов мыйзам долбоору депутаттардын колдоосун тапса оң рулдуу автунаалуу атуулдардын нааразылыгын жаратарын, муну “жети өлчөп бир кесүүнү” сунуштады.

- Автоунаалардын ээлери эгер бул мыйзам өтүп кетсе Конституциялык Сотко кайрылабыз деп жатышат. Эки жарым миң такси бар турбайбы. Алар “такси болбойсуңар деп тыйуу салсаңар, биздин кредит алып автунаа алган чыгымдарыбызды ким төлөп берет”- деген суроолор туулуп жатат да. Ошондуктан бул маселени жакшылап карап, комитеттерге жиберели, мыйзам сапаттуу болсун.

Парламенттин мурдакы үчүнчү чакырылышындагы депутаттар 2010-жылдан баштап оң рулдуу автоунааны колдонууга тыюу салуу мыйзамын кабыл алып, бирок ага президент Курманбек Бакиев кол койбой, кайра артка кайтарган.

Эл өкүлдөрүнүн мындай чечимине нааразы болушкан оң рулдуу айдоочулардын кошуну нааразылык акциясын да өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG