Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Пакистанда жардырууда набыт болгондор 105ге жетти


Кечээ өлкөнүн Пешавар шаарындагы базарда дүрмөттөлгөн автоунаа жарылып кеткен. Бул учурда базарда аялдар менен жаш балдар көп болгону айтылат. Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши бул окуя Түштүк Важиристанда жикчилерге каршы жүрүп жаткан операцияны токтотууга себеп болбойт деп билдирди. Жардыруу бул өлкөгө АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон барган учурга туш келди. Клинтон Пакистан өкмөтүнүн талиптерге каршы аракеттерин колдоо максатында барган эле.

XS
SM
MD
LG