Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

И. Исаковдун сотуна байланыштуу А. Бекназаров президентке кайрылды


Кайрылууда Исмаил Исаковго байланыштуу жүрүп жаткан соттук жараянга күбө катары катышуу чакырыгы Курманбек Бакиевге коюлду. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров “Азаттыка” билдирди.Белгилүү болгондой Исмаил Исаковго коюлган айыптардын бири аскердик майрамдарды уюштурууга каражаттын бөлүнүшү болгон. Ал майрамдарды белгилөөгө Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Курманбек Бакиев да катышкан. Азимбек Бекназаров президент мына ошол катышуусу боюнча көрсөтмө берүүсүн талап кылууда. Бирок сот аны аткаруудан баш тартууда. Эми адвокат Курманбек Бакиевге маалымат каражаттары аркылуу кайрылууда. Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү дүйшөмбү күнү уланат.(AiT)

XS
SM
MD
LG