Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Ирак парламенти шайлоо кодексин жактыра элек


Ирак парламенти кворум болбой калып, шайлоо кодексин колго сала алган жок. Спикер Йад ал-Самаррай кабарчыларга билдиргенине караганда, депутаттар ишемби күнү дагы бир жолу чогулушат. Негизги талаш мунайга бай Киркук чөлкөмүнүн статусу айланасында жүрүүдө. Күрттөр аны өз автономиясына кошууну каалашса, арабдар менен түркмөндөр каршы болушууда. Добуш берүүнүн кечеңдеши 16-январга белгиленген парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өткөрүлбөй калат деген кооптонууларды жаратууда.

XS
SM
MD
LG