Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Өзбекстан 2009-жылы Кыргызстанга үч эсе аз газ берген


Мындай маалыматты “Кыргызгаз” ишканасынын башкы жетекчиси Саламат Айтикеев бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат учурунда билдирди. Анын айтымында 2009-жылы “УзТрансГаз” Кыргызстанга берчү 650 млн. кубметр газдын 212 млн. кубметрин гана берген. Ошол себептүү көгүлтүр отундун өздүк баасы 40 пайызга жогорулаган. “Газдын баасы анын биринчи алынып келингени боюнча бекитилген болчу. Бирок азыркысын эсептегенде биздин кирешебиз кескин кыскарды. Ошол себептүү анын баасы өсөт”, - деди С.Айтикеев. Кыргызстан газдын 1 миң кубметрин 240 доллардан сатып алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG