Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Депутат энергетик чиновниктердин ишин иликтөөнү сунуштады


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина парламенттин бүгүнкү жыйынында Башкы прокуратура энергетикага тармагында иштеген чиновниктерди иликтеп чыгышы керек деген сунушун айтты. Анын айтымында, укук коргоо органдары Кыргызстандын энергетика тармагын “мышык ыйлагыдай” абалга жеткирген “жырткычтарды” жана коррупционерлердин үстүнөн иштеши керек. “Мындай адамдар заматта депутаттык мандатынан ажыратып койгон Кубанычбек Кадыровго караганда өлкөгө көбүрөөк зыян алып келип жатышат”, - деди И.Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты, СДП мүчөсү Кубанычбек Кадыровду 23-июль президентик шайлоо күнү Балыкчы шаарында массалык тополоң уюштурду деп жакында эле парламент кол тийбестик укугунан ажыраткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG