Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет. Дүйнөлүк бактын директорлор кеңешинин делегациясы Кыргызстанда 4-ноябрга чейин болмокчу. Делегаттар иш сапары учурунда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен иштеп жаткан бир катар долбоорлорду кыдырышат. Ошондой эле алардын иш-планында президент Курманбек Бакиев, анын өкмөт мүчөлөрү, эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү, жарандык коом жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу иш-чаралары бар. (IJz)