Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Х.Клинтон Иранды сунушту тез кабыл алганга чакырды


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон расмий Тегеранга Бириккен улуттар уюму тарабынан Ирандын өзөктүк программасы боюнча сунуш этилген келишим тезирээк кабыл алынышы зарылдыгын айтты. “Кошмо Штаттары жана анын өнөктөштөрү күтүп отура беришпейт”, - деди ал. Буга чейин Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад ал сунуш боюнча Иран ойлонуп жатканын, аны шаштыра бербөөгө чакырган эле. Жакында Иранга Бириккен улуттар уюму келишим сунуш кылган. Ага ылайык, уранды Иран өзүндө байыта албайт. Ал Орусияда жана Францияда байытылып, анан Тегеранга изилдөөлөр үчүн берилет. Батышта айрым мамлекеттер “Иран уранды атомдук бомба жасаш үчүн байытып жатат” деп кооптонушат. Тегеран муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG