Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла президенттик жарыштан чыккандан кийин азыркы президент Хамид Карзайдын экинчи мөөнөткө кызматта калары дээрлик анык болуп калды. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 7-ноябрга белгиленген. АКШ мамлекет башчысы Барак Обаманын администрациясынан маалымдашкандай, Карзай дагы бир мөөнөткө кала турган болсо, Вашингтон аны менен кызматташууга даяр. Абдулла ооган өкмөтү жана шайлоо комиссиясы анын адилет шайлоо жөнүндөгү талаптарын аткарган жок деп, 7-ноябрь күнкү жарыштан баш тартканын кечээ жарыялаган. АКШ жана Британ өкмөттөрү бир эле талапкер калган шартта өнөктүктү өткөрүп өткөрбөө чечимин Ооганстандын шайлоо комиссиясы кабыл алат деп билдиришти.