Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Ооган БШКсы бүгүн экинчи айлампа боюнча чечимин жарыялайт


Адегенде 20-августта өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы, алдыдагы ишемби – 7-ноябрга белгиленген эле. Бирок экинчи айлампага чыккан талапкерлердин бири, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла кечээ өлкөдө ачык жана адилет шайлоо өтүшүнө кепилдик жок экенин жүйөө кылып, жарыштан чыгаарын жарыялады.

Бул жарыядан соң учурдагы президент жана талапкер Хамид Карзай шайлоо комиссиясы алдыдагы ишембиге белгиленген экинчи айлампаны өткөрүүнүн кажети бар же жоктугун чечүүсү керектигин белгиледи.

Ал эми шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүү Улуттар уюму колдогон даттануу комиссиясы 20 –августагы биринчи айлампада добуштар азыркы президент Хамид Карзайдын пайдасына массалык түрдө бурмалангандыгын аныктагандан кийин зарыл деп табылган эле.

Шайлоо менен байланышкан соңку кырдаалды талкуулоо, Карзай жана Абдулла менен жолугуу үчүн бүгүн Кабулга БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун келди.

XS
SM
MD
LG