Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Т.Сариев: Өнүктүрүү агенттиги айкын болушу керек


«Борбордук өнүктүрүү агенттигинин ишинде ачыктык, айкындык болбосо, атайын такталган эрежелер болбосо, көп акчалар жеке кызыкчылык үчүн иштеп кетет деген кооптонуу бар»,-деп билдирди «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев "Азаттыкка". Анын айтымында, Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев жана анын командасы бүгүн маалымат жыйынында козгогон маселелер жаңылык деле эмес, мурда эле мамлекет тарабынан көтөрүлүп айрымдары аткарылып жатса, айрымдарын аткаруу пландаштырылган. Ал ошондой эле аталган агенттик парламенттин көзөмөлүнөн чыгып каларын, Өнүктүрүү коруна байланыштуу мыйзамдар өзгөртүлүп анын башчылыгына Игорь Чудиновдун барышы мүмкүндүгүн айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG