Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Милиция кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар берилди


Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көрсөткөн жеке кайратмандыгы жана эрдиги үчүн “Эрдик” медалы менен милициянын подполковниги Акпаралы Кулсариев сыйланды. Ички иштер органдарындагы кынтыксыз кызматы, республикадагы укук тартибин чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн милициянын полковниги Эшмурза Азимжанов “Даңк” медалына ээ болду. Ал эми милициянын полковниги Норузбаев Кубатбек Мукашевич “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген ардактуу наамга арзыды. Ошондой эле бир катар кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланды. (AzK)

XS
SM
MD
LG