Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Өмүр бою абакка кесилген адам ачкачылык жарыялады

Мааламаттарга караганда, №1 Убактылуу кармоочу жайда өмүр бою абакка кесилген Виталий Ивженко, соттун ага чыгарган чечимине макул болбой, тергөө иштери туура эмес жүргүзүлгөнүн айтып, Башкы прокуратурадан кылмыш ишин кайра карап чыгууну талап кылып 5 күндөн бери ачкачылык жарыялаган. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Айбек Турганбаев В.Ивженко ачкачылык акциясын токтотконун “Азаттыкка” билдирди.

2008-жылы 17-мартта Жайыл райондук соту В.Ивженкону өмүр бою түрмөдө кармоо чечимин чыгарган. Ага Кара-Балтада жашы жете элек кызды зордуктап, өлтүргөн делип айып коюлган. В.Ивженконун энеси кылмыш болгон күнү уулу Кара-Балтадан 80 чакырым алыс жерде болгондугун далилдөөчү күбөлөр бар экендигин айтып, анын күнөөсү жоктугун билдирген. (AJ)
XS
SM
MD
LG