Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Кыргызстанда Дүйнөлүк балдар күнү белгиленет


20-ноябрда белгиленчү Дүйнөлүк балдар күнүнүн алкагында Кыргызстандагы балдар менен иштеген бейөкмөт уюмдардын тармагы атайы иш чараларды уюштуруп жатат. “Зомбулуксуз балалык” ураанын астында өтө турган коомдук компания учурунда балдар укугу боюнча мектептерде атайы сабактар өткөрүлүп, окуучулар арасында сочинение жазуу боюнча конкурстар уюштурулат. Ошондой эле балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуулары, ата-энелердин жыйналыштары, журналисттер үчүн сынактар, пресс-конференциялар болот. Мындай иш чаранын негизги максаты – Бириккен улуттар уюмунун балдар укугу боюнча конвенциясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Балдар укугу боюнча конвенция Бириккен улуттар уюму тарабынан 1989-жылы 20-ноябрда кабыл алынган. Ал Кыргызстанда 1994-жылы 6-ноябрда гана күчүнө кирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG